Эки өспүрүм каналга агып каза табышты

9 августа 2017 13:31 371 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында суудан 11-12-жаштагы эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Курманжан-Датка аймактык кеңешинде 7-август күнү Альп-Лагер эс алуу борборунун жанындагы "Южный" каналына эки бала түшүп, алар агып кеткен.

«Кечээ, 8-август күнү ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, каналдан алардын сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен»,- деп айтылат билдирүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4994



Добавить комментарий