23 жыл мурун герб кабыл алынган
Ар бир кыргыз жараны көзүнүн карегиндей сактап, урпактарга өткөрүп бере турган баалуу мурасы, мамлекеттин улуттук атрибуту катары саналган герб мындан 23 жыл мурун Легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. 1994-жылы 14-январда "Легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин жыйыны Мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоор тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби катары кабыл алынган.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев болуп эсептелинет.
Ссылка: https://barometr.kg/content499
Добавить комментарий ×