Өзбекстандын жаранына жер сатылган эмес
Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады. Жогорку Кеңештин жыйын убагында “КСДП” фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Жаңы-Ноокат аймагында 130гектар жер өзбек жаранына сатылып кеткени тууралуу маалыматтар түшүп жатканын айтып, өкмөткө тактап берүүнү суранган. Депутаттын өтүнүчүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кат түрүндө маалымат берди. Мындан сырткары Ноокат райондук администрация башчысы-аким Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Жармамат Юлчиев да жер тилкеси сатылбагандыгы тууралуу маалыматты тастыктаган документтерди жөнөткөн. Жаңы-Ноокат айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чектешпейт. Аралыгы 100 км алыс жайгашкан. Ал жакта өзбек жарандыгы бар бир да атуул жашабасын айткан тийешелүү адамдар учурда бул маалымат кайдан чыкты, териштирип жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content498
Добавить комментарий ×