9-августа Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы
Бүгүн, 9-августа түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37; Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +31...+36; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30; Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +27...+32;
Бишкек шаарында 9-10-августта жана 11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +36...+38 градус ысык болот.
Ал эми 10-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/content4975
Добавить комментарий ×