БШКга шайлоочулардын болжолдуу тизмеси өткөрүлдү
Поделиться в:
БШКга шайлоочулардын болжолдуу тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу МККнын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда биометрикалык маалыматын тапшырган 18 жашка толгон, Кыргызстандын 2 914 588 шайлоочусунун тизмеси аныкталды. 15-августтан баштап жарандар алдын ала тизме менен шайлоо участокторунан тааныша болот.
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан тизмеден өзүн тактоону, кокус аты-жөнү чыкпаса, өзүнүн шайлоо участогуна кайрылууну же болбосо www.shailoo.srs.kg сайтына жана 119 кыска номери аркылуу кайрылса боло турганын эскертет.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content4971
Добавить комментарий ×