Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленди

9 августа 2017 09:38 467 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Балта шаарынн мэрин шайлоо күнү  25-августка белгиленди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 Аталган маалыматка таянсак, мындай чечим Кара-Балтанын шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алынып, сессияда кеңештин төрагасы болуп Азимкул Боромбаев шайланды.

Шаардык кеңештин төрагалык кызматына 2 талапкер чыккан, “Эламан” партиясынан Т. Суюмбаев жана “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан А. Боромбаев. Шайлоо жабык добуш берүү ыкмасы менен өткөн. Жеңүүчү шайлоодогу 30 катышуучунун 18 депутатынын добушун алган.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса шайлоо өттү деп эсептелинет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4970



Добавить комментарий