Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи олтурумун жокко чыгарууну “КСДП” партиясы БШКдан талап кылууда

14 января 2017 10:49 467 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарынын мандатын алуу учурунда белгисиз себептерден улам “КСДП” партиясынын депутаттары келбей калышкан. Кеч келип мандат алган аталган партиянын мүчөлөрү   шаардык кеңештин биринчи олтурумун жараксыз деп табуу үчүн арыз менен  БШКга кайрылышты. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей учурда алардын арызы  БШКга дагы келип түшкөн.  «Өнүгүү-Прогресс», «Республика - Ата Журт» жана  «Ата-Журт» партиясынан шайланып келген  депутаттар биринчи олтурумда Төраганы  шайлап, коалицияны түзүп, мандаттарды алышкан болчу.  16-январга коюлган биринчи олтурум  “КСДП” партиясынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда бул мыйзамсыз. “Кыргызстан” менен “КСДП” партиялары келгенден кийин гана жалпы олтурумда бир сөзгө келип коалиция куралышы мыйзамга туура келмек дешет алар. Келген 16 депутат кворумду түзүп бере албайт.

Ссылка: https://barometr.kg/content497



Добавить комментарий