Бийик тоолуу аймакта төрөлгөн наристерлерге компенсация берилиши мүмкүн
Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланып, атайын талкууга алынууда. Маалыматка таянсак бийик тоолуу аймактарда жашагандардын жаңы төрөлгөн балдарына же алты айга чейин багып алынган балдардын ата-энелерине 10 миң сомдон компенсация берүү сунушталууда. Мыйзамды сунуштап жаткандардын пикиринде бул да болсо бийик тоолуу аймактарда жашагандарга жакшы жардам болмок. Бийик тоолуу аймактарда учурда 1миллион 217 адам жашайт. Жылына орто эсеп менен алганда 33 бөбөк төрөлөт. Эгерде бул мыйзам күчүнө кирип калса аткаруу үчүн жыл сайын 330 миллион сом бюджеттен каралышы мүмкүн. 2017-жылы бюджеттен акча каралып, депутаттар бекитип беришсе 2018-жылдын 1-январынан баштап, бул мыйзам иштей баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content496
Добавить комментарий ×