Азимжан Аскаровго акыркы сот өкүмү 17-январда чыгат

13 января 2017 17:58 360 Barometr
Поделиться в:
ok

 “2010-жылдагы каргашалуу окуяда Милиция кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар”-деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун сотуна акыры чечим 17-январда чыкмак болду. Соттук коллегия бүгүнкү отурумда тараптардын пикирин укту. Ошол эл убакта Мамлекеттик айыптоодон кийин жактоочулар сөз сүйлөп, аны менен бирге Азимжан Аскаровго да сөз берилди Андан соң процессуалдык мыйзамдарга ылайык сот акыркы чечимди чыгарышы керек. Чечим кабыл алуу үчүн сот курамы бир жума убакытка кеңешмеге кетти.  Өмүр бою күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылган  кылмышкерге БУУнун адам укуктары комитети  Кыргызстандын соттору койгон  өкүмүн жокко чыгаруунун талап кылган. Буга байланыштуу кылмыш ишин - жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Чүй облустук соту карай баштаган. Эми акыркы чекит 17-январда угузулат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content495



Добавить комментарий