Өзбекстанда эки жолу ажыга бара албайсыз

13 января 2017 17:02 384 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстан динге каттуу мамиле кылган мамлекеттердин катарын толуктайт. Эми ошол катаал мамилеге дагы бир мамиле кошулду. Өзбек жараны эки жолу ажылыкка барууга кудурети жетип, ниети болсо да бара албайт. Бул тууралуу «centralasian.org» сайты билдирүү таратып эки же андан көп убакыт Алланын ыйык жайына  барам дегендердин ниетин таш каптырды. Өзбекстандын дин иштери боюнча  башчысы Саидмальхон Шакиров «10 жыл же 1 жыл мурунбу айырмасы жок .Кезеги келип калса да, сиз бара албайсыз, сиздин ордуңузга буга чейин ажыга барбаган жарандар барышат деп түшүндүрөбүз»-деп түшүндүрмө берип кетти.  Баса бул мыйзам өкмөттө иштегендерге, ажыны уюштуруучулар жана Мекке менен Мединага иш сапары менен баргандарга тиешеси жок. Себеби жыл сайын ажыга сапарга аттангандарды 8 ашпозчу жана 30 дарыгер коштоп жүрөөрү маалым.

Ссылка: https://barometr.kg/content493



Добавить комментарий