Облустук кеңештин депутаты өз жанын кыйды
Жамбыл облустук маслихатынын депутаты Кайрат Терликбаев асынып өлдү. Облус прокуратурасынын милдетин аткаруучу Айдос Майлыбаевдин билдиришинче, 56 жаштагы Кайрат Терликбаевдин сөөгүн 5-августта Луговое айылындагы үйүндө анын жубайы тапкан.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
ИИМ «өзүн өлтүрүүгө чейин жеткирүү» беренеси боюнча тергөө иштерин баштады.
Прокуратура өкүлүнүн айтымында, депутаттын денесинде күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Мерке айылына жөнөтүлдү. Терликбаев өлүм алдында кат жазып калтырган эмес.
Жергиликтүү кеңештин депутаты «Казак темир жолу» компаниясынын өкүлчүлүгү эсептелген «Луговое рельс ширетүү ишканасынын» директору болуп иштеп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/content4919
Добавить комментарий ×