Жогорку соттун төрайымы: ” Биздин максат сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын көтөрүү”

13 января 2017 16:04 669 Barometr
Поделиться в:
ok

Жыл аяктап, ар бир мекеме, уюм, алтургай үй-бүлөдө да аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Биз ушундай максат менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен атайын маек уюштурдук.

-Жогорку сот өз статусуна ылайык имаратка жакында көчүп келди. Конушуңуздар кут болсун!

-     Рахмат!  Жогорку сот аз убакыттан бери тарыхтын жана архитектуранын эстелиги болгон борборубуздун так ортосундагы жаңыланган имаратта иштеп жатат. Мындай кадамдар  өлкө башчыбыздын  сот реформасына олуттуу көңүл бургандыгынын аркасында жүрүүдө. Бул  имаратка келгени  Жогорку соттун ишинин функционалдуулугу бир топ жогорулады. Анткени мурдагы имаратта сот отуруму өтүүчү үч гана зал болсо, азыркы имаратта алты зал иштеп, мындан тышкары сот жыйынына келген тараптар үчүн да күтүү жайы бар.

-2014-2017-жылдар аралыгында иштей турган, өлкөнүн сот тутумун жакшыртууга багытталган Мамлекеттик максаттуу программа кандай ишке ашып жатат? Билишибизче, сиз жети облустун жергиликтүү сотторунда иш сапар менен болдуңуз.

-Мамлекеттик максаттуу программа  (ММП) боюнча бир гана Жогорку сот эмес, бардык сот мекемелери өз иштерине ылайык келген имараттар менен камсыз болушу керек. Былтыркы жылы, быйыл да аймактардагы жергиликтүү сот мекемелери кандай абалда иштеп жатышканын жакшы билүү үчүн, кыдырып чыктык. Натыйжада ММП каралган иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканына көңүл бурдук. Талдай келгенде мунун обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар экен.

Биздин негизги максатыбыз сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу болгондуктан, ишке катышкан тараптарга тиешелүү шарттарды түзүп берүүбүз керек. Сот имараттарында зарыл шарттарды түзүү, келген тараптарды бардык маалымат менен камсыз кылуу, алдыда боло турган процесстердин тизимин да алдын-ала жайгаштыруу иштерин эл аралык стандарттарга ылайык жасоого аракеттер көрүлүп жатат. Негизи сот мекемелеринин бардыгына тең эле функционалдуу жаңы имараттар зарыл, бирок бул бюджетке байланыштуу.

Кыргызстан боюнча 71 сот имараты бар. Өткөн жылы 28 имаратта оңдоо-түзөө иштери жасалды. Оңдоп-түзөөдөгү негизги максат дубал-шыптарды жаңыртуу эмес, сот имараттарынын функционалдуулугун көтөрүү болуп жатат. Бул  жагын карасак, архивдерди иреттүү жайгаштырып, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кирип-чыгуусуна да шарт түзүү, судьялар менен алардын жардамчылары отурган жайларга тараптар үчүн бөгөт коюлууда.

Мисалы, быйыл, Чоң-Алай райондук соту үчүн жаңы имарат курулду. Ош шаардык соту менен Жалал-Абад облустук соту жаңыланган имаратка көчүп киришти. Бишкектеги судьяларды окутуу борбору да жаңыланган имараттуу болду. Ал жерде судьяларды окутуу үчүн баардык тиешелүү шарттар түзүлгөн. Бул маселени жыйынтыктап айтсак, сот тутуму бийликтин бир бутагы болгон соң, өзүнүн бийик статусуна ылайык имараттарда жайгашып, иштөө үчүн бардык шарт менен камсыз болууга тийиш.  

-Сиз айткан Мамлекеттик максаттуу программа кийинки жылы аяктайт экен. 2017-жылдан тарта мындай иштер токтойбу же уланабы?

  • Мындай иш токтобойт. Бардык эле өнүккөн өлкөлөр ушундай программа менен иштейт. Бизде атайын жумушчу тобу түзүлүп, 2018-2022-жылдарга карата жаңы программа иштелип жатат.

-Акыркы кездерде судьялар тынымсыз алмашылып, жаңылары дайындалып жатканы коомчулукка белгилүү. Ушу боюнча так маалыматты сизден уксак?

-2013-жылдан ушу кезге чейин 365 жаңы судьялар дайындалды. Алардын ичинен биринчи жолу судья болуп иштей баштагандары 239ду түзөт. Гендердик жагын карасак,  136сы аялдар, калганы эркектер. Учурда 36 орун бош, бирок аларга конкурстар жүрүп жатат. Кийинки жылдын башына чейин алар тандалып, дайындалып бүтүп калат деп ишенебиз. Негизи Кыргызстан боюнча жалпы 401 судья эмгектенет, ага Жогорку соттун 35 судьясын кошкондо 436 судья өлкө боюнча иштейт.

-Мурдагы жетекчилер элдин 80 пайызы сотторго ишенбейт деп айтып келишпеди беле. Сиздин ушуга көз карашыңыз кандай?

-                     Мен буга эч макул эмесмин. Статистикага кайрылалы, быйылкы тогуз айдын ичинде биринчи инстанцияларга 103 168 иш түшкөн. Булардын ичинен каралганы 88 369. Ушулардын экинчи инстанцияга же аппеляциялык жана кассациялык тартипте кайра даттанылганы 9626. Демек, жалпы 100 пайыз каралган иштердин болгону 11 пайызы гана кайра каралып жатат. Калган 89 пайызы судьяларга ишенген үчүн кайра даттанган жок да. Экинчи инстанциядан кийин гана көзөмөл иретинде Жогорку сотко даттанууга жол берилет. Эми тогуз ай ичиндеги ушундай иштерди карасак, экинчи инстанцияга кайрылган  9626 иштен 3709 иш гана Жогорку сотко даттанылган. Демек, мындан судьяларга нааразы болгондор канчалык аз экенин байкоого болот. Эми жанагы 80 пайыз эл сотторго ишенбейт деп ушундан кийин айтууга болобу?  

-Айнаш айым, Мамлекеттик максаттуу программада сот тутумун талап кылынган деңгээлде каражат менен камсыз кылуу каралган эле. Азыр сот системасы ошондой деңгээлде каржыланып жатабы?

-Мамлекеттик максаттуу программада сот тутумун каржылоону өлкөнүн жалпы бюджетинин 2% не  жеткирүү  каралган. Быйылкы бюджет 1% тен бир аз жогору болот деп белгиленген. Бирок биз ага жете элекпиз. 2015-жылы 0,78% бөлүнсө, быйылкы жылы 0,77 %  гана түздү.

-Коррупция тууралуу сөз кылганда соттор мындан четте калышы мүмкүн эмес. Жогорку сот коррупцияны жоюу боюнча кандай конкреттүү иш алып барып жатат?

  • Бизде коррупция менен күрөш боюнча өзүнчө программа бар. Бул боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат, жыйындарда, көптөгөн тренинг-семинарларда  да талкууланат. Мындан сырткары, видеобайкоолор коюлуп жатат. Квартал сайын жергиликтүү судьялар бул боюнча отчет берип турушат. Коррупцияга жол бербеш үчүн, имараттарды оңдоп-түзөп жатканда судьяларга тараптардын жетүүсүн чектөөгө аракет кылып, эл аралык стандарттарга ылайык эшиктерди чиптер менен жабууга аракеттер көрүлүүдө.  

-11-декабрда болуп өткөн референдумда сот системасына тиешелүү өзгөрүүлөр да кирбедиби. Сиздин оюңузча, бул сот бийлигиндеги реформаны кандай жагына өзгөртөт деп ойлойсуз?

-                     11-декабрда биздин эл өз тандоосун көрсөттү. Биз мыйзамдарды колдонуу органы болгондуктан, алдын-ала божомол жасабастан фактыларга таянуубуз керек. Ал эми мыйзамдардын иштешин убакыт көрсөтөт.

-Акыркы кезде сот реформасы тууралуу айтпаган киши калган жок. Түшүнгөнү, түшүнбөгөнү да, билгени, билбегени да айтып жатышат. Сиздин оюңузча, бул реформа азыр кайсы деңгээлде?

-                     Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянсак, көп эле мамлекеттерде сот реформасы жүрүп келет. Азыркы заманда өнүгүү прогресси үзгүлтүксүз.  Турмуш зарылчылыгына жараша, улам жаңы өзгөрүүлөр кирип турат. Сот реформасы токтосо, өнүгүү да токтойт. Менимче, сот реформасы токтобой жүрүшү бул турмуш талабы. Ал эми сот реформасы өз жемишин бере элек дегендер, бул системаны жакшы түшүнбөгөн адамдардын ой-пикири. Сот тутумун жакшы билген, дурус-буруш жактарын анализдеген адамдар бул тармакта  бир топ жылыштар, өзгөрүүлөр болгондугун белгилешүүдө. Азыр сот системасынын коомго ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгына коомчулук өзү күбө. Булардын бардыгы ошо реформанын аркасы менен жасалып жаткан иштер.

-Айнаш айым, үстүбүздөгү жылдын июль айында Президент “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.  Анда Жогорку соттун пленумунун токтому республикабыздын соттору үчүн милдеттүү болуп калды. Ушуга да токтоло кетсеңиз?

  • Туура, Жогорку соттун пленуму 16-декабрда болуп өттү. Бул жыйын биздин бир жылдык ишибиздин натыйжасы десем да болот. Пленумда төрт маанилүү маселе каралды, андагы эки орчундуусун баса белгилеп кетким келет. Биринчиси, бирдей соттук практиканы кабыл алуу боюнча судьяларга жалпы көрсөтмө бердик. Бул боюнча өзүнчө токтом кабыл алдык, аны кабыл алуу алдында чоң иштер аткарылды. Бул юридикалык тараптарды жоюу маселесине байланышкан. Мындан ары юридикалык тараптарды жоюу маселеси бирдей практикага келтирилди. Экинчи маселе, биздин балдарга болгон мамилебиз. Азыр балдарды асыроо, тарбиялоо биздин өлкөдө абдан актуалдуу. Бул боюнча  жыл бою бир  топ иштер аткарылып, илимий-консультативдик кеңеште көп жолу талкууланып, бирдей практика киргизүү ишке ашты. Жогорку соттун пленумунда кабыл алынган ушул маселелер боюнча токтомдор, Кыргыз Республикасынын бардык судьялар үчүн аткарылышы милдеттүү.

 Булак: Кыргыз Туусу гезити

                                                             

Ссылка: https://barometr.kg/content491



Добавить комментарий