Чоң Чүй каналына агып кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

7 августа 2017 11:09 841 Barometr
Поделиться в:
ok

 Чоң Чүй каналында белгисиз 40-45 чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү эртең менен Чүй районунун Дөң-Алыш айылындагы Чоң Чүй каналында белгисиз эркек адамдын сууга агып бара жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар чыгышып, саат 08:15те жашы адамдын сөөгүн табышкан. Табылган сөөк ошол эле күнү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4901



Добавить комментарий