Казакстандын Улуттук экономика министри кармалды
Поделиться в:
Астананын №2 Алматы райондук сотунун санкциясына ылайык Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалды. Ага чоң суммадагы акчаны коррупция катары алган деген айып коюлуп жатат. Буга чейин маалым болгондой өткөн жылдын 28-декабрь күнү президент Нурсултан Назарбаев экономика министри Куандык Бишимовду иштен бошотуп, ордуна Тимур Сулеймановду дайындаган. "Baiterek Venture Fund" директорлор кеңешинин мүчөсү Арман Кашкинбаевдин билдиргенине караганда экс министр чоң суммадагы пара алгандыгы тууралуу маалыматтар коомчулуктан келип түшө баштаган. Эми аны 15 жылдык түрмө жазасы күтүп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/content483
Добавить комментарий ×