Президентикке талапкер Арсланбек Малиев ооруп калып, сынак тапшыра албай жатат

4 августа 2017 13:40 331 Barometr
Поделиться в:
ok

 Президентикке ат салышып жаткандардын бири Арсланбек Малиев мамлекеттик тил сынагын тапшыруу күнүн кийинкиге жылдырууну өтүнүүдө. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясынан кабарлашты.

 “Арсланбек Малиевден тест тапшыруу мөөнөтүн ден соолугуна байланыштуу жылдырууну өтүнгөн кат келди. Талапкер үчүн башка күндү белгилөөнү Борбордук шайлоо комиссиясы чечиши керек”,-деп айтылат маалыматта.

А.Малиев  мамлекеттик тилден бүгүн 4-августта тест тапшырууга тийиш болчу.  

Ссылка: https://barometr.kg/content4821



Добавить комментарий