Москвада айдоочу кыргызстандык кызды унаа менен сүзүп качып кетти
Поделиться в:
Москвада айдоочу кыргызстандык кызды унаа менен сүзүп качып кетти. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.
20-июлда саат 14төр чамасында Воронцов көчөсүндөгү 19б үйүнүн жанында кыргызстандык кызды ак түстүү унаа арткы жылып жатып коюп кеткен. Кыз жыгылып башы менен тийип акыл-эсин жоготкон.
Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Н. Склифосовский атындагы оорукананын 1-нейрохирургия бөлүмүнө барышып А. Караевага көмөк берүү укугун калыбына келтиришти.
Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери Москва прокуратурасына барып бул факты боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү суранышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content4817
Добавить комментарий ×