Кыргызстандык кыз күйөөгө тийгенден качып атайлап психиатриалык ооруканага жатып алды

4 августа 2017 12:12 358 Barometr
Поделиться в:
ok

 22 жаштагы кыргызстандык кыз өз эркинен тышкары күйөөгө бергени жатканда Москвадагы психитариалык ооруканага жатты. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 “2-августта Россиядагы элчиликке кыздын атасы кайрылып көмөк берүүнү суранган, ал Н. Алексеев атындагы №1 клиникалык ооруканадан кызын бошотуп алууга жардам берүүнү өтүнгөн”,-деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, кыз бул жерге июль айынын соңунда аны көрүмчүлөр кубалап жатат деп айтып келгенде кабыл алынган.

 “Элчиликтин кызматкерлери менен жолугушкан учурда кыз акыркы мезгилдерде ата-энеси менен начар мамиледе болгонун, алар белгисиз жигитке аны күчтөп күйөөгө узатууга аракет кылышкан айткан. Бул үчүн кыз атайлап Кыргызстандан Москвага келип психиатриалык ооруканага жатып алган”,-деп белгилешти элчиликтен.

Учурда кызды ооруканадан чыгарышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content4810



Добавить комментарий