4-августта Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

4 августа 2017 10:49 515 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 4-августта түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +26...+31;Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +24...+29; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +26...+31; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28; Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28;

Бишкек шаарында 4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +28...+30 градус ысык болот.

Ал эми 5-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо катуу жаайт. 5-августта күндүз айрым жерлерде, 6-августта кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content4803



Добавить комментарий