Чоң-Арык айылында 3 унаа кагышып, анын кесепетинен 13 адам жабыркады

3 августа 2017 17:31 455 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-августта Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында 3 унаа кагышып, анын кесепетинен 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсыктан бир адам каза таап, 8 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 4 адам ооруканага жаткырылды.

Учурда жабырлануучулар Москва райондук ооруканасын дарыланууда. Абалдары орто деп бааланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4784



Добавить комментарий