Садыр Жапаровдун аялы: Күйөөмдү да, уулумду да алып кетишти, мени да камагыла
Экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары көздөрүнө жаш алып, ооздоруна кагаз чаптап алышып сот чечимине өздөрүнүн нааразылыктарын билдиришти. 40тай адам соттун имаратынын алдында ыйлап турушту, анткени жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарынын арызы менен нааразылык акцияларын өткөрүү токтому кабыл алынган.
Биринчи май райондук сотунун өкүмү угузулгандан кийин Жапаровдун аялы аны дагы камакка алууну бийликтен өтүндү.
“Менин жоготор эч нерсем жок! Мен эч кимден коркпойм.Уулумду камашты, күйөөмдү 11 жылга кесишти, бийлик таш боор жана адилетсиз. Жолдошум жана уулум айыптуу эмес. Соттор мыйзамсыз чечим кабыл алып жатышат”,-деп кыйкырды ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-августта Биринчи Май райондук соту 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.
Ссылка: https://barometr.kg/content4775
Добавить комментарий ×