Дагы бир жол кырсыгы. Ысык-Көл областында микроавтобус менен жеңил унаа кагышты
Бөлүшүү:
Бүгүн, 3-августта Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Саламаттыктык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, унаа кырсыгы тууралуу маалымат саат 11.50дө Балыкчы шаарынын “Тез жардам” кызматына келип түшкөн.
Алдын маалыматка караганда, унаа кырсыгында кичи автобус менен жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен 9 адам жабыр тартып, алардын ичинен 3 улуу куракта, 6 жаш балдар болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content4773
Добавить комментарий ×