Садыр Жапаровду рецидивисттер менен түрмөгө камашат.Соцтүйүндөрдө тынчсызданышууда

3 августа 2017 14:04 2130 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ Садыр Жапаров боюнча өкүм чыгып жатканда аны күчөтүлгөн режимдеги абакка эмес, катуу режимдеги абакка кармоого сот буйрук бергенине көбү көңүл бурушкан эмес. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазышууда.

 Соцтүйүндүн колдонуучусу Мелис Аспеков катуу режимдеги абакта бир нече ирет соттолгон адамдар, рецидивисттер кармаларын айтууда.

 “Бул Садыр Жапаровго түздөн-түз коркунуч келтирет”,-деп жазды ал.

 Эскерте кетсек, кечээ, 2-августта Биринчи Май райондук соту 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content4771



Добавить комментарий