Жалал-Абад шаарынын депутаттары мандат алышты

12 января 2017 17:32 475 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы болуп, анда депутаттарга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды. Бирок, кворумдун жетишсиздигинен төрага шайланбай, убактылуу болсо да анын орун басарын шайлашты. Сессияны шаардык кеңешке шайланган депутаттардын аксакалы Бактияр Шерматов ачып, төрагалык кылды. Ал эми депутаттардын кворуму КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын катышпай калганынан улам аз болуп калды. “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары баары болуп 16 добуш менен “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүшкөнү жарыя кылды Андан соң, депутаттар шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоого киришишип, көпчүлүк коалициядан бул орунга мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Эрнисбек Ормоков көрсөтүлдү жана бир добуштан шайланды.

Ссылка: https://barometr.kg/content477



Добавить комментарий