Бир апта мурда жоголгон үч баланын энесин издеп жатышат

3 август 2017 12:39 353 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир жума мурда дайынсыз жоголгон 29 жаштагы Екатерина Лященко изделүүдө. Аял 27-июлда жумушка чыккан бойдон үйүнө келбей калган.

Аялдын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

“Лященко “Азия Банктын” Ысык-Көлдөгү филиалында иштеген. Жолдошу кыргыз, үч баланын энеси.  Жоголгон күнү тааныштары аны борбордо көрүшкөн экен”,-деди Ысык-Көл ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Учурда издөө иштери уланууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4764



Добавить комментарий