Бахор көчөсү кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге айланды

3 августа 2017 10:13 421 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийликтеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кыргыз чек арачылары Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Овчи Калача айлындагы 40 үй үчүн Бахор көчөсүн ачышты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Овчи Калача айлындагы көчөдө эки өлкөнүн тең жарандары жашашат. Бахор көчөсүнүн жабылышы менен Тажикстандын 40тай атуулу район борборуна бара албай калышкан.

Овчи Калача районунун администрация төрагасы Эргашбой Жураев 31-июлда кыргыз чек арачылары айылга БТР менен келип, автожолдун бир бөлүгүн жабууга ниеттенишкенин билдирди. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз тарап жолду бөгөө оюнан кайткан.

Лейлек районунун Максат айлынын айыл өкмөт башчысы Сафарали Одинаев талаштуу жер тилкесинин ээси Орусиядан келгенин, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик жер тилкесин ээсине кайтарууну көздөгөнүн айтты.

"Биздин жаран 30 сотка жерге ээлик кылат. Кыргыз бийлиги ага документ берген. Бирок ал мурун бул жерди колдонгон эмес, ошондон бери анын жарымын тажиктер ээлеп алышкан. Сүйлөшүү учурунда атайын адистерди чакырып, жер тилкеси кимге таандык экенин так аныктамай болдук”,-деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймактарда маал-маалы менен жаңжал чыгып, киши өлүмүнө алып келген учурлар дагы катталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4750



Добавить комментарий