Аял жол кырсыган каза тапты, милициялар аны таанууга көмөк сурашууда (абайлагыла фото!)
Поделиться в:
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү жол кырсыган каза тапкан аялды таанууга көмөк сурайт. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
27-июлда болжол менен саат 00.10дө Аламүдүн айылында жүк унаасынын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен түндүк багытка бара жатып 35-40 жаштар чамасындагы аялды сүзүп кеткен.
Ал алган жаракатынан улам каза тапкан.
Бою:160 см, дене түзүлүшү орто, чачы кара.
Кара шым, кара-ак сызыктары бар кофта, күрөң шлепанцы кийип жүргөн.
Алдыңкы тиштери жок. Бул аялды тааныгандар болсо(0312) 36 35 27, (0312) 36 35 23, 0553 25 56 57, 0701 02 27 23 же 102 телефонуна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content4749
Добавить комментарий ×