Бишкекте журналист кызга гейлер менен транссексуалдар кол салып, ал баш мээсинен жаракат алды

3 августа 2017 09:53 1186 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте radar.kg маалымат агенттигинин башкы редакторуна салттуу эмес сексуалдык багыттагы адамдар кол салды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тагы баракчасына жазды.

 Маалыматта айтылгандай, бүгүн эртең мененжаракат алган журналистти тез арада Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырышты.

“Видео тартып жүргөн маалда мага бачабаздар менен трансексуалдар кол салды, алар мени уруп-сабап, камерамды талкалашты кийимимди айрып жана зер буюмдарды үзүштү”,-деп жазды Карачач Шакирова.

 Анын айтымында, гомосексуалисттер милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жаткан кезде ал аны видеого тартууга аракет кылган, ошол маалда гейлер ага кол салышкан.

“Алар аялдардын көйнөгүн кийген беш эркек болчу, милиция тартип бузгандарды камакка алды”,-деп жазды Шакирова соцтүйүндөргө.

​ 

Ссылка: https://barometr.kg/content4748



Добавить комментарий