Италия сулуусунун бетине кислота чачып кетишти
Поделиться в:
28 жаштагы буга чейин Италия сулуусу наамын жеңип алган Джессика Нотаронун бетине кислота чачып кетишти. Шашылыш чакырылган тез жардамдан улам ал Италиянын Римини шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилип врачтар операция жасашкан. Бул каргаша мындан эки күн мурун болгон. Джессика Римини шаарындагы бир жигит менен кечки тамакты ичип алуу үчүн ресторанга келген. Ошол убакта маңдайына пайда болгон жигит бетине кислота чачып жиберген. Көп өтпөй кармалган жигит, 29 жаштагы Эдвон Таварес болуп чыкты. Кылмышка шектүү бул каргашаны кыздын карабай койгонунан өч алуу үчүн жасаганын айткан. Азыр аны 10жылдык түрмө жазасы күтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content473
Добавить комментарий ×