"Арча-Бешиктеги" дааратканадан табылган ымыркайдын абалы оор

2 августа 2017 15:14 434 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүнкү күндө апасы дааратканага ыргытып жиберген баланын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Barometr.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысынын милдеттин аткаруучу Жылдыз Айгерчинова билдирди.

“Кечээ наристе бир кыйла жакшы болуп калган жана зонддон тамактандырып жатышкан. Бирок бүгүн ымыркай кыздын абалы алсыз болуп, оор болуп калды. Ал реанимацияда жатат. Дарыгерлер колунан келгендин баарын жасап жатышат, ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө.Териси саргарганы байкалууда. Дарыгерлер аспирациялык пневмониянын кесепеттери 2-3 күндөн кийин билинет дешүүдө”,-деп айтты  Айгерчинова.

 Эскерте кетсек, 31-июлда дааратканага ташталган ымыркайды куткарып калышкан.

Жаңы төрөлгөн кыздын энеси аны дааратканага таштап салган, учурда ал кармалып, кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content4719



Добавить комментарий