Сууга аккан аялдын сөөгү табылды

2 август 2017 13:30 393 Barometr
Бөлүшүү:
ok

31-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ак-Таш айыл аймагынын Чек-Таш участкасында Чаткал дарыясындагы аралчага белгисиз адамдын жансыз денеси чыгып калганы маалымдалган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары барган. 1980-жылы туулган аялдын жансыз денесин чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4710



Добавить комментарий