Кыргызстанда темир жолдору аркылуу жүк ташуунун көлөмү өсүп жатат

2 август 2017 13:25 625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыл башынан бери Казакстандан авто унаалар менен жүк ташуу 13 эсе өскөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында авто унаа менен жүк ташуу Россиядан 2,5 эсе жана Белоруссиядан ташуу 5 эсе өскөн. Ошондой эле авто транспортунан тышкары аба жана темир жолдору аркылуу жүк ташуунун көлөмү өсүп жатат.

“Казакстан тараптан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Учурда бир гана маселе бар. Ал темир жол менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарына Өзбекстандын аймагы аркылуу жүк алып өтүүдө тосколдуктар. Биз Казакстандын транспорт министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, маселе чечилүү алдында турат”,-дейт Калилов.

Ссылка: https://barometr.kg/content4708



Добавить комментарий