Сооронбай Жээнбеков Баткенге барат
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-13-январда Баткен облусуна жумушчу сапары менен бараарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Сооронбай Шарипович Баткен шаарына болгон сапарынын алкагында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын, Баткен аймактык биофабрикасынын курулушу менен таанышат, № 26-өрт коопсуздугуна каршы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышат жана Калкты тейлөө боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышат. Мындан тышкары Ортобоз айылындагы жаңы балдар бакчасынын ачылыш салтанатына катышат жана Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышаары айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content469
Добавить комментарий ×