Чагылган тийип 35 адам көз жумду

1 август 2017 17:29 588 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Индиянын Орисса штатында чагылган тийип каза болгондордун саны 35 кишиге жетти. Кеминде эле 18 киши түрдүү жаракаттарды алганын "New Indian Express" басылмасына шилтеме берип "sputnik.kg"  жазып чыкты.
 
Буга чейинки маалыматтарда 14 кишинин өлгөнү кабарланган.
 
Индияда жыл сайын чагылган тийип жүздөн ашык киши каза болот. Негизинен чагылган май айынан сентябрга чейин көп түшөт. Индиянын метеорологиялык департаментинин маалыматы боюнча 2016-жылы чагылган тийип 415 киши набыт болгон. Адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыктарынын арасынан чагылган үчүнчү орунда турат. Биринчи сапты ысык, экинчи орунду суу ташкындары ээлейт.

Ссылка: https://barometr.kg/content4679



Добавить комментарий