ИИМдин кызматкерлери жарандын соттолгондугу тууралуу ишти жашырышкан эмес

1 августа 2017 17:03 495 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы маалымат борбору 2015-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине А.Э. аттуу жарандын маалымат топтомунда болгон маалыматты жашырбастан берген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы маалымат борборуна Юстиция министрлигинен келген суроонун негизинде 2004-жылы соттолуп, бирок убакыты өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык жоюулган. Кыргыз Республикасынын Юстиция минитсрлиги (адвакатура жана адвакаттык ишмердүүлүк жөнүндө) мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык маалымат берген.
 
2014-жылы Жалал-Абад областы боюнча УКМКнын А.Э. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши боюнча тактаган карточка же маалымат Жалал-Абад облусундагы ИИМдин башкы маалымат борборуна каттоого тургузуучу үчүн келлген эмес. Алфавитттик карточка тергөөчү тарабынан белгиленген эмес же Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы маалымат борборуна каттоого тургузуу үчүн жөнөтүлгөн эмес. Республиканын укук коргоо органдарынын каттоого тургузуу бөлүмдөрүнүн карточкасы ИИМдин башкы маалымат борборунун кызматкерлерине жөнөтүлөт жана анын ичинде А.Э. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголгондугу боюнча маалымат жок болуп чыккан. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы маалымат борборунун кызматкерлерине А.Э. аттуу жөнүндө маалыматты жашырууга зарыл болгон эмес.
 
Республиканын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарбынан берилген маалыматты каттоо жана сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы маалымат борборуна өткөрүлүп берилип турат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4677



Добавить комментарий