Юристанбек Шыгаев, «Токтогул» сыйлыгынын лауреаты, сүрөтчү: “Токтогул сыйлыгын алсам дегендер абдан көп”
-Юристанбек Абдиевич, Токтогул сыйлыгына көрсөтүлчү адамдар быйыл документтерин тапшырып бүттү. Комиссия карап баштадыңыздарбы?
-Документтерди Токтогул сыйлыгын берчү комиссиянын башчысы Абдыкадыров Акылбек байке кабыл алат. Жобо боюнча эки жылдын ичинде жасалган эң мыкты, бийик деңгээлдеги эмгектерин карап туруп берилет. Мисалы маданият тармагында эмгектенген адам сүрөтчү болсо күчтүү тартылган картинасын берет дегендей. Документ берилип жатканда мисалы сүрөтчү болсо сүрөтчүлөр союзу сунуш катын берет, же маданият тармагы болсо маданият министрлиги сунуш катын берет дегендей. Комиссияда 21 мүчө бар. Алар эмгектерди карап көрүп, жашыруун түрдө добуш беришет. Мисалы 21 киши добуш берип жатканда 50%ттен жогору упай топтосо утуп кетет. Негизинен сыйлыктын документтерин үч тур менен карайбыз. Биринчи турда документтерин карайбыз, экинчи тур болот, Экинчи турда документтердин кандай көркөмдүк жагын карайбыз.Аанан үчүнчү турга өткөндөр өздөрүн гезит журналдар аркылуу жарнамалай баштайт. Анан жыйынтыгын карайбыз.
-Токтогул сыйлык маданият тармагында иштегендерге берилген жогорку сыйлык болуп эсептелинет.
-Туура айтасыз. Бул сыйлык Эл артисти, же Эл сүрөтчүсү деген наамдардан да жогорку деп бааланат. Сүрөт, адабият, маданият тармагында эмгектендер үчүн жогорку даражадагы сыйлык.
-Сыйлыкты алууга умтулгандар көп болсо керек?
-Туура, Токтогул сыйлыгын алсам дегендер абдан көп. Мисалы Анатай Өмүркановдун акыркы эки мыкты жыйнагы үчүн алды. Ушундай эле мыкты эмгеги үчүн Шайлообек Дүйшеевге бердик. Мурунку иштери каралбайт.
-Сиз кайсыл эмгегиңиз үчүн бул сыйлыкты алдыңыз эле?
- “Күн эндүү ат” деген картина үчүн алгам. Бийиктиги эки метр узундугу бир жарым метр болгон картинаны карап көрүп беришкен. Буга чейин дал ушул картина Бангладеште өткөн 34 мамлекеттин сүрөтчүлөрү катышкан көргөзмөдө алтын медалга татыган. Келгенден кийин дал ушул картинам үчүн Токтогул сыйлыгын беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content467
Добавить комментарий ×