Кара-Суу районунда күйүп кеткен үйлөрдүн себеби такталууда
Поделиться в:
Ушул жылдын 31-июлунда болжол менен саат 14:00дө Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жийделик айылынын Хакимжан-Ажы көчөсүндө 4 турак үйдүн болжол менен 870 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КРнын ӨКМнин Ош шаарындагы №13 АӨКБнөн 3 бөлүм, №12 АӨКБнөн 2 бөлүм, Кара-Суу районунан №102 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан турак үйлөрдүн чатырлары саат 15:09да чектөөгө алынып, саат 16:20да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4661
Добавить комментарий ×