Ө. Текебаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашты
Поделиться в:
Кечээ, 31-июлда абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун партиялаштары жана туугандары ачкачылык жарыялашты. Алар бул кадам менен саясий куугунтукка Кыргыздын жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн барып жатканын айтышууда.
Партиянын басма сөз кызматынан: "Ачкачылык жарыялоо менен биз саясий куугунтукка маани берип, баарыбыз бир үн менен бийликке токтот деп айтып көрөлү. Биздин дүйнө элдери менен жарыша өнүгүүбүз ушундан башталат", - деп билдиришти.
Маалым болгондой, азыркы тапта 4 адам тамактан толук баш тарткан, суу гана ичип турушат. Ачкачылык жарыялагандардын саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content4655
Добавить комментарий ×