Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир канча экспортёрлорду – мекемелерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Ошондой эле экспорттук инфраструктуранын жакшырышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да сыйланды. Алардын арасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарды куруп, модернизациялоо менен алектенгендер да бар. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
“2017-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 657,8 млн. АКШ долларын түзүп, 30 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 224,8 млн. АКШ доллар болуп, 29,3 пайыз өсүү байкалган. Үчүнчү өлкөлөргө болсо экспорт 432,9 млн. АКШ долларды түзүп, 30,3 пайызга жогорулаган. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн темпинин төмөндөөсүнө карабастан биз ийгиликтүү жетишкендиктерге жетише алдык”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков деп белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен:
- Адыл Есеналиев – «Эталон Вин Атайынкурулуш» ЖЧК башкы директору;
- Кадырбек Жакыпов – «Ак-Таш» АК директорунун орун басары;
- Кулуйпа Жузумалиева – «Ак-Жалга» ЖАК жетекчиси;
- Бактыбек Исиралиев – «Шоро» ЖАК башкы директору;
- Казим Каракетов – «Даря Тянь-Шаня» ЖЧК башкы директору;
- Эмир Парпиев – «Талас Куту – БМК» ассоциациясынын жетекчиси;
- Топчубек Рысбаев – «Ренесанс» ЖЧК директору;
- Абдыгафар Халбеков – «Исхак Разаков» ЖЧК башкы директору;
- Юлдаш Чодуев – «Ак-Текс» ЖЧК директору;
- Музеин Эрджепов – «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК башкы директору;
- «Легпром» Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы;
- «Молочный союз» жумуш берүүчүлөр бирикмесинин ассоциациясы;
- «Куликовский соода үйү» ЖЧК;
- «Одно село один – продукт» ассоциациясы сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш алгандар:
- Кайрату Абдуллаеву – «Үмүт и Ко» ЖЧК жетекчиси;
- Надежда Ворошилова – «Шоро» ЖАК башкы инженери;
- Кубаныч Жекшеналиев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун контролёру;
- Арстанбек Ишенбаев – «Агропродукт Азия» ЖЧК башкы директору;
- Ахтям Кашвеев – «ОСКО» ЖЧК башкы директору;
- Уран Ниязалиев – «Дан Агро Продукт» ЖЧК башкы директору;
- Руслан Шерматов – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча техник.
Добавить комментарий ×