Карышкыр атту мыйзамдагы ууру Россиядан чыгарылды (видео)

1 августа 2017 10:17 1006 Barometr
Поделиться в:
ok
Социалдык тармактарда  укук коргоо органдары тарабынан Карышкыр аттуу лакап аты бар мыйзамдагы ууру Мурсалы Умырзаковду Россиядан чыгаруу жөнүндө чечимди окуп жаткан учурдагы видео жарыялаган.
 
Мыйзамдагы ууру ал жактан жазаны өтөгөндөн кийин Россиядан чыгарылган.
 
Россиянын соту ушул жылдын 17-июлунда,  Умырзаковго Россия аймагында жүрүүгө жана жашоого уруксаат бербөө жөнүндө чечим кабыл алган, соттун чечимин аткарбаган учурда  Россияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынат.
 
Эске сала кетсек, 2013-жылы  15-ноябрда, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Умырзаковду Россиядан Бишкекке алып келишкен. Ал Москва облусунда уюшкан кылмыштуу топтордун бирин жетектеп келген. Мыйзамдагы ууру деген статусун  2013-жылы август айында Россияда алган. Бир нече жыл убакыт өткөндөн кийин 2015-жылы 17-апрелде  Нарын шаарында СИЗО-1 абагынан бошотулган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4634



Добавить комментарий