Социалдык тармакта премьер-министрдин ич кийими талкуу жаратты
Поделиться в:
Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ич кийимин "жарыка" чыгарды. Бул тууралуу "rosbalt.ru" маалымат агентиги билдирет.
Сүрөт коомдук медиада кеңири таралган, кимдир бирөө аны чоңойтуп анда министрдин костюмунун айырым деталдары көрүгө болот.
"Кубан 24" телеканалы Медведевдин Краснодарга болгон сапарынын жүрүшүндө алынган сүрөттөрүн жарыялаган. Россиянын өкмөт башчысынын бир сүрөтүндө курдун жанындагы “Calvin Klein” брендинин ич кийими ак көйнөктөн көрүнүп калган учурун сындашууда.
Окуянын байкоочулары жана комментаторлор эки лагерге бөлүнүштү. Бир тарабы, адаттагыдай эле, шылдыңдап-күлүшсө, башкалары "бирөөнүн ич кийимин талкуулап, көрсөтүү жаман көрүнүш” деп пикир калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content4613
Добавить комментарий ×