“Кара-куурай” рейди учурунда ириөлчөмдөгү баңгизат табылды

31 июля 2017 12:09 368 Barometr
Поделиться в:
ok
28-июль күнү “Кара-куурай” аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл районунун ИИБнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызмаьы маалымдады.
 
 Унаанын айдоочусу 24 жаштагы А.Н. жана эки жүргүнчү болгон. “Алиша” жана “Нани” аттуу иттердин жардамы менен жогорудагы автоунаага тинтүү жүргүзүү маалында капоттун алдынан сумка табылып ичинен 12 даана пакетке салынган өңү жашыл -күрөң түстөгү жапайы кара-куурай жыттанган заттар табылып, жалпы салмагы 7 килограмм 482 граммды түзгөн.
 
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси “Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” боюнча кылмыш иши козголуп жогорудагы кылмышка шектүү делип, Ош облусунун 40 жаштагы Ш.Р. жана 32 жаштагы Б.Т. аттуу тургундары кармалган. Кармалган жарандар Жайыл районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4592



Добавить комментарий