Араб эмирлигинин беш дипломаты каза тапты
Поделиться в:
Бириккке Араб Эмирлиги бүгүнтөн баштап үч күн аза күтөт. Президент Халифа бин Зайд аль-Нахайян мына ушундай жарлыкка кол коюп туулар түшүрүлдү. Себеби Ооганстандын Кандагар провинциясында болгон жардыруудан Бириккен Араб Эмирлигинин беш дипломаты каза тапты. Кандагардын губернатору Гамаюн Азизи Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси менен жолугушуп жаткан маалда, борбордогу конок үйлөрдүн биринде болгон. Элчи жана губернатор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Азырынча эч бир кыймыл бул кагашаны мойнуна ала элек.
Ссылка: https://barometr.kg/content459
Добавить комментарий ×