Аба ырайы: 31-июлда жаан жачын күтүлбөйт

31 июля 2017 11:20 429 Barometr
Поделиться в:
ok
Бүгүн, 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
 
Бишкек шаарында 31-июлда жана 1-2-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +35...+37 градус ысык болот.
 
Ал эми 1-3-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 4-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, түнкүсүн жаан Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4587



Добавить комментарий