Ысык-Көлдө каза болгон жаран НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев

31 июля 2017 09:45 520 Barometr
Поделиться в:
ok
Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан
Ысык-Көлдө каза болгон жаран НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кесиптештери билдиришкен.
 
Жол кырсыгы 30-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында катталган. Анда Subaru үлгүсүндөгү эки машина кагышкан. "Бизге ал университетти аяктары менен эле келген. Штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштечү. Ал өзүнүн тырышчаактыгы менен эсибизде калды. Октябрда 23 жашка чыкмак", — деп кесиптештери билдиришти.
 
Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан.
 
Ысык-Көл облустук ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы боюнча маалыматка азырынча түшүндүрмө бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content4574



Добавить комментарий