Чүй районунун тургуну өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырды
Поделиться в:
27-июль күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Ак-Бешим айылынын 41 жаштагы А.М. аттуу тургуну 32-калибрдеги ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басам сөз кызматы билдирди.
Чүй ОИИББси эскертет: Тиешелүү документтери жок курал-жарактарды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар эч кандай кылмыш жоопкерчиликке тартылбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content4555
Добавить комментарий ×