Өлкөдө “кара-куурай” операциясы жүрүүдө

28 июля 2017 15:44 411 Barometr
Поделиться в:
ok
 
Республика аймагында «кара куурай » аталыштагы операция журүүдө . Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
 
Республика аймагында жүрүп жаткан «Кара-Куурай» аталыштагы операциясынын жүрүшүндө 27-июль күнү саат болжол менен 11:30 чамасында Жумгал районунун Куйручук айылындагы «Сапаралы» мал базарынын тушунан Жумгал РИИБнин Кызарт милициясынын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери күн батыштан күн чыгышты карай келе жаткан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну 32 жаштагы А.Б.нын башкаруусундагы ВАЗ-21063 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотушкан. Автоунааны кароо жүргүзгөндө күбөөлөрдүн катышуусунда автоунаанын салонунан жашыл-сары түстөгү полиэтилен пакетке салынган, өңү кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Электрондук таразага тарткан учурда салмагы 1 килограмм 335 граммды түзгөн. Ошол замат унаанын айдоочусун жанындагы жүргүнчүсү менен шектүү катары кармалышып, Жумгал РИИБне жеткирилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Аталган иш боюнча экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4544



Добавить комментарий