Путин Кыргызстандын жарандарына улуттук күбөлүк менен унаа айдоого расмий уруксат берди
Россиянын президенти Владимир Путин аталган өлкөнүн аймагында эмгектенген Кыргызстандын жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен жүрүүгө расмий түрдө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу россиянын ЖМКлары кабарлашууда.
Азыркы кезге чейин Россияда “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын 25-беренесинин 13-пунктуна ылайык, чет элдик жарандарга улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү менен унаа башкарууга жол берилген эмес. Эми аталган мыйзамга өзгөртүүлөр кирди.
“Бул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын, ошондой эле, мыйзамдары тарабынан орус тили расмий катары саналган өлкөлөрдүн РФ аймагында унаа башкаруу тармагында эмгектенген жарандарына таандык эмес”, - деп айтылат мыйзамдын текстинде.
Ссылка: https://barometr.kg/content4506
Добавить комментарий ×