Алматы облусунда учак кулап эки адам каза болду

27 июля 2017 11:48 336 Barometr
Поделиться в:
ok
Алматы облусунда учак кулады. Аталган окуя Жаркенттен 10 чакырым жерде болгон. Бул тууралуу “nur.kz” сайты “Instagram”дагы “kris_p_almaty” баракчасына шилтеме берип кабарлады. 
 
Кырсык тууралуу маалыматты Азаматтык авиация комитети ырастады деп билдирет маалыматтык агенттик.
 
"2017-жылдын 27 –июлунда Алматы облусунун Панфилов аймагындагы 0 Шолакай айылында "Казавиа" аба компаниясына тийиштүү “ЯК12” учагыкулаган.  2 адам каза болду.  Авиахимиялык жумуштар жүргүзүлүп жатат. Тергөө башталды", - деп маалымдашты комитеттегилер “Tengrinews.kz”  сайтына.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4484



Добавить комментарий