Британиялык окумуштуу Жер планетасынан көчүү керектигин айтты
Поделиться в:
Британиялык окумуштуу Стивен Хокинг алдыдагы 30 жылда адамзат Жер шарынан көчө башташ керек деп билдирди. Бул тууралуу "blognews.kz" сайты кабарлады.
Аталган физиктин айтуусу боюнча, ушул 30 жылдын ичинде Айда база орнотууга болот.
Ал эми Марста орнотуу – 30 жылдан ашык убакыт керектелет. Хокинг аталган асман денелерине өсүмдүктөр менен жаныбарлар,козу карындарды жиберип сынап көрүүнү сунуштады.
«Менин оюмча, адамдар Жер планетасынан жакынкы аралыкта көчүшү керек. Себеби, бул жактагы биздин физикалык ресурстарыбыз тез жок болууда», – деп маалымдады белгилүү физик.
Хокинг миграция глобалдык жылуулукка байланыштуу маселелерден алыстоого жардам берет деп эсептейт. Ошондой эле астероид кулап түшүү коркунучунан коргойт. Анын айтымында, ушундай жол менен гана адамзат мындан ары жашоосун уланта алат.
Ссылка: https://barometr.kg/content4463
Добавить комментарий ×