Студент атасы тарабынан өткөрүлгөн машыгуу учурунда каза болду
Поделиться в:
Соцтармакта үрөй учурган видео пайда болду. Окуя Индиянын кыздардын эл аралык колледжинде зиплайн боюнча машыгуу учурунда болгон. Бул тууралуу "life.ru" сайты маалымдады.
Видеодо көрунгөндөй окуучулардын бири темир аркан менен түшүп кетип бара жатканда, курбусунун карап отурган кыз имараттын чатырынан кулап кеткен. Кыз ооруканага жеткенде көз жумган. Полиция окутуу иштери анын атасынын жетекчилиги астында өткөнүн билдирди.
16-жаштагы Адити Санги алты кабаттуу имараттын чатырында отуруп, зиплайн боюнча курама команданын жабдыктарын камсыз кылууга жардам берип жаткан. Бирок кайсы бир учурда, ал балансты сактай албай учуп түшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4458
Добавить комментарий ×